Бүгүн, 26-июнда Бишкекте Улуттук банктын Инспектирлөө башкармалыгы, мэрия, “Тазалык” муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү жана журналисттер биргеликте акча алмаштыруучу жайларды текшерүү боюнча рейд жүргүзүштү. Анын алкагында борбордогу бир катар акча алмаштыруучу жайлар текшерилип, алардын 80 пайызы мыйзамсыз иштегени байкалды. Аларга карата административдик протоколдор түзүлүп, валюта курстары илинген тактайчалар алынды.
Инспекторлордун айтымында, бул тактайчалардын баасы орто эсеп менен 100 доллар турат, ал эми мыйзам бузуп, лицензиясы жок иштеп жаткан жеке ишкерлерге 500 сомдон 1500 сомго чейин айып пул салынат.