Кылмыш-жаза кодексинин жаңы долбооруна ылайык, жашы жете балдардын жыныстык кол тийбестик боюнча укуктарын бузган адамдарга карата жаза күчөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында аталган долбоордун үстүнөн иштеп чыккан эксперттик топтун мүчөсү
Лейла Сыдыкова билдирди.
Анын айтымында, мындай кылмыштар "тараптардын элдешүүсү" аркылуу чечилбей калат. "Азыркы кодекске ылайык, жашы жете элек балдарга карата кылмыш жасаган адамдар мунапыс аркылуу абактан чыга алышат. Ал эми сунушталып жаткан жаңы долбоордо "зордуктоо" беренеси боюнча эркинен ажыратуу мөөнөтү бир топ узак каралып, кылмышкерди мөөнөтүнөн мурда бошотпоо белгиленген",- деди Сыдыкова.
Жыйынтыгында долбоор биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.