Орусиянын экс-премьер-министри Евгений Примаков каза болду

Орусиянын мурунку премьер-министри Евгений Примаков бүгүн, 26-июнда 86 жаш курагында каза болду. Орусиялык маалымат булактарынын билдиришинче, экс-чиновник узакка созулган оорудан кийин жарык дүйнө менен кош айтышты. Президент Владимир Путин анын жакындарына көңүл айтты.  
Примаков 1991-1996-жылдары Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматын жетектеген. Андан кийинки эки жылда өлкөнүн тышкы иштер министри, 1998-1999-жылдары премьер-министр, 2001-2011-жылдары Орусиянын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы болуп иштеген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан