Жогорку Кеңеш Давыдов мөңгүсүн талкалоого жол берчү документти 2-окууда колдоду

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Суу кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды. Ага ылайык, Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүн башка жерге көчүрүүгө макулдук берилмекчи. Мыйзам долбооруна 52 депутат "макул", 39 депутат "каршы" деп добуш берди.
Айта кетсек, депутаттар бул мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароодо ага редакциялык өзгөрүүлөрдү гана киргизе алышат. Документ 3-окууда жактырылган соң, президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт. Өлкө башчы документке кол коёт же кайра парламентке кайтарат.
Мөңгүнү бузууга "каршы" деп добуш бергендер:
"Ата Мекен" фракциясынан 15 депутат (баары);
"Ата Журттан" 9 депутат;
"Республикадан" 7 депутат;
"Ар-намыстан" 6 депутат;
КСДПдан 2 депутат. 
"Макул" деп добуш бергендер:
"Ата Мекен" фракциясынан жок;
"Ата Журттан" 10 депутат;
"Республикадан" 7 депутат;
"Ар-намыстан" 16 депутат;
КСДПдан 19 депутат. 
Калган депутаттар добуш берүүгө катышкан жок. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан