Быйыл Орусияда иштеген мигранттардан келген акча 33 пайызга азайды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда өкмөттө жыйындын жүрүшүндө эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов билдирди. Анын айтымында, 2015-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы менен жеке жактардын Орусиядан акча которууларынын дүң агымы 267,4 миллион долларды түздү.
“Бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөрүнөн 33 пайызга төмөн. Чет өлкөдөн Кыргыз Республикасына которулган акчалардын 90 пайыздан ашыгы Орусияда иштеген мигранттардан келет. Анын үстүнө түшкөн каражаттардын валюталык түзүмүнүн 70 пайызын орус рубли түзөт.
Былтыр мигранттар Орусиядан 2,17 миллиард доллар которушкан”,- деди министр.