Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинен" Кыргыз Республикасынын 2 миң жараны чыгарылды

Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинен" кыргыз өлкөсүнүн 2 миң жараны чыгарылды. Бул тууралуу 26-июнда өкмөт жыйынында КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов айтып чыкты. Министр "кара тизмеде" Кыргыз Республикасынын дагы 80 миң жараны бар экенин билдирди. ул кыргыз жеринен барган мигранттар үчүн чечүү керек болгон негизги маселе" деген министр "кара тизмеден" чыгаруу аракети көрүлүп жатканын кошумчалады. 

80 миң жаран Орусиядагы мигранттардын "кара тизмесинде" турса, дагы 194 миң кыргыз жаран потенциалдуу эреже бузуучулардан болуп саналат. Бул маселе курч саясий мүнөзгө ээ, анткени өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке кирет, бирок тыюу салынган жарандар Орусияда иштеген эмгек мигранттарынын бештен бир бөлүгүн түзүшөт. Аларга миграция чөйрөсүндө болуп жаткан процесстерди түшүндүрүү оор болуп жатат. Биздин министрлик "кара тизмеге" кирип калган адамдарды чыгаруу боюнча иштерди жүргүзүүдө”,- дейт министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
kirgizstan
2015-06-26 17:36:39
Кандай жакшы жанылык кара тизмеде барлар текшерип коргуло балким чыктынар чыккандар болсо жаза кеткиле ишенип калалы
0
Gulgamal
2015-06-26 17:42:59
Жакшы жанылык админ казахстанга кирген кара тизмелер чыгарылабы билип бере аластарбы
0
admin_portal
2015-06-26 17:50:46
Gulgamal, саламатсызбы!
Жооп алып бергенге аракет кылабыз.
-1
kama_future_millioner
2015-06-26 17:58:35
Жакшы болуптур мигранттарга рахмат оруссига түшүнү менен мамиле кылганы үчүн
0
Sezim.A
2015-06-26 18:02:53
Урматтуу админ,мумкунчулук болсо департация болгондорго да бир чарасын корушор бекен билип,маалымат берип коюшунуздарды суранат элек.
0
admin_portal
2015-06-26 18:12:16
Sezim.A, саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
-1
Aman97kg
2015-06-26 18:16:05
kalgany kachan chygarylat eken
0
gul3ina
2015-06-26 21:04:11
kara tizmeden chygarylganyn kaidan bilse bolot eken tak maalymat aityp koiunuzdarchy suranych
0
kanykey125
2015-06-26 23:13:22
gul3ina,уфмс ке кирип паспорт данныйынызды жазып оздугунузду аныктасаныз болот..уфмс сайтынан эч эле текшеруучу жерин таппасаныз..гууглдан сурасаныз эле толтура чыгат..корсоткучтор.
0
mikinookat
2015-06-27 12:01:00
gul3ina, www.fms.gov.ru
0
Rasul_Rahmanaliev
2015-06-26 22:30:55
КРнын мигранттарына шарт тузуу менен бирдикте КРда жашаган элге да кам көрүү керек да((((ТС элге пайдасыз,мигранттарга пайда болуп калабы эмне?
+1
admin_portal
2015-06-29 12:56:49
kirgizstan, kama_future_millioner,
Кабарда алгач катачылык кеткен, бирок кийин түзөтүлгөн.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан