Орусияга Кыргыз Республикасынын 50 миң жараны мыйзамсыз жол менен барган

Орусияга кыргыз өлкөсүнүн 50 миң жараны мыйзамсыз жол менен барган. Мындай маалымат бүгүн, 26-июнда Өкмөт үйүндө эмгек мигранттарынын маселелерин кароого арналган жыйындын жүрүшүндө белгилүү болду. Анда айтылгандай, учурда Орусиянын аймагында 500 миңден ашык Кыргыз Республикасынын жараны жүрөт. Алардын 40 пайызы аялдар болсо, жашы 17ге жете элек балдар 83 миңге чукул. Ал эми 18-29 жашка чейинкилер жалпы мигранттардын 50 пайызын түзсө, 30 жаштан 59 жашка чейинкилер 32 пайызды түзөт.

2015-жылдын март айынан тартып 11-майга чейинки аралыкта алардын 21 868сы кайтып келген. 

Кыргыз Республикасынын жарандары Орусияда көбүнчө тейлөө, курулуш, соода, иштетүү өндүрүшүндө жана башка чөйрөлөрдө иштешет.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө чет жерде эмгектенип жүргөн кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын жалпы саны 700 миңге жетет. Алардын 500 миңи Орусияда болсо, 80 миңи Казакстанда, калган бөлүгү дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө иштешет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kirgizstan
2015-06-26 18:13:11
Мыйзамсыз келгендер Булар аты жонун озгортуп келгендерби
0
Sezim.A
2015-06-26 18:28:54
kirgizstan, Мен да тушунбодум озумчо аты жонун озгорткондор болсо керек деп ойлодум.
0
Gulgamal
2015-06-26 18:33:18
Айла жок байкуштар оз жерибизде жумуш жок болсо озгортуп баратда анан жумуш болсода айлык аз
0
nurik2103
2015-06-26 19:39:33
кирди чыкты кылгандар болуш керек булар
-1
kanykey125
2015-06-26 23:09:14
мумукун кирди чыкты кылгандар.антпесе мыйзамсыз абдан эле коп го.кыргыз элибиз кудайга шугур документке тын эле го..
+1
nurik838383
2015-06-27 01:27:48
мынау жепуттаттар жеп аткандан кийин не кылышсын анан карапайым калк,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан