“Ата Мекен” фракциясы табигый кырсыктардан камсыздандыруу жана Салык кызматына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорлорун карады

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясы 25-июндагы жыйынында эки мыйзам долбоорун карап, анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынды. "Ата Мекендин" мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Салык кызматына өзгөртүү киргизүү" жөнүндөгү мыйзам долбоорлору каралды.

Жыйындын жүрүшүндө аталган долбоорлорду бир эле кезде үч окууда кароого уруксат берилди. Бул чечимдер Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттерине жөнөтүлдү.

Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясы Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолун куруу долбоорун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү колдоду. Бул маселе фракциянын 23-июндагы кезексиз жыйынында каралды. Жыйындын жүрүшүндө аталган Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолу боюнча сунушталган мыйзам долбоору каралып, чечим кабыл алынды.

Жыйында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы №387-токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экспорттук-импорттук банкынын ортосунда 2015-жылдын 15-июнунда кол коюлган Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Арал-Казарман тилкеси (195-291-чакырымы) долбоорун каржылоо боюнча макулдашууларды ратификациялоо тууралуу" КРнын мыйзамынын долбоору жөнүндө маселелер каралды.

Жыйынтыгында "ата мекенчилер" бул долбоорду бир эле кезде үч окууда кароого уруксат беришти.

Бул чечим Жогорку Кеңештеги тиешелүү комитеттердин кароосуна жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан