Бишкекте Константин Юдахиндин 125 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Э.Сариева тилчи-түрколог жана академик К.Юдахиндин 125 жылдыгына жана фундаменталдуу "Кыргызча-орусча сөздүктүн" жаралышынын 50 жылдыгына арналган салтанатты ачты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө министр жана катышуучулар улуу академиктин эстелигине гүлчамбар коюшту. Ошондой эле министр Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан даярдалып, жаңы басылган Константин Юдахиндин "Кыргызча-орусча сөздүгү" менен таанышты.

Иш-чаранын соңунда Сариева окумуштуунун кыргыз тилинин тарыхына жана илим дүйнөсүнө кошкон салымы баалуу экендигин белгилеп, иш-чаранын катышуучуларын аталган мааракелер менен куттуктап, уюштуруучууларга терең ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан