Президент Алмазбек Атамбаев “Аялдарга жана жашы жетпегендерге мунапыс жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 21-майында кабыл алынган. Бул тууралуу президенттик аппараттан 26-июнда кабарлашты.
Маалым болгондой, кабыл алынган мыйзамга ылайык, эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жазадан, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөнкү аялдар бошотулат:
- үй-бүлөдө жападан жалгыз багуучу болуп саналгандар;
- бир же андан ашык жашы жетпеген балдары барлар;
- багуусунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ата-энелери болгондор;
- 55 жаштан ашкан аялдар;
- Биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар аялдар;
- кош бойлуу аялдар.
Ошондой эле мыйзамда эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жазадан, эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазалардан төмөнкү жашы жетпегендерди бошотуу каралат:
- Биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы барлар;
- 7 жылга чейинки мөөнөткө биринчи жолу соттолгондор;
- ушул мыйзам күчүнө кирген күнгө карата жазанын өтөлбөгөн бөлүгү бир жылдан азды түзгөндөр;
- чоң коркунуч келтирбеген жана анча оор эмес кылмыш жасагандар.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 6 айдын ичинде аткарылууга тийиш.