Тазабек Икрамов: "Келечекти "Өнүгүү-Прогресс" менен курабыз!"

Тазабек Икрамов 1974-жылдын 16-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Сеңир айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

1991-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырып, 1996-жылы ийгиликтүү аяктаган. Жогорку билимдүү адис катары эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун Жалал-Абаддагы филиалында окутуучулуктан баштаган. 2000-2007-жылы жеке ишкерлик менен алектенген. 2004-2010-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында билимин өркүндөтүп, юрист адистигине ээ болгон. 2007-жылы Орусиядагы мигранттардын укугун коргоо максатында “Элдик чындык” коомдук фондун негиздеп, аталган уюмду 2010-жылга чейин жетектеген. 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Соода-өндүрүш палатасынын Кытай Эл Республикасындагы өкүлүнүн кызматын аркалаган. 2011-2012-жылдар аралыгында Тазабек Икрамов Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп иштеген. 

Икрамовго билим берүү тармагындагы бир топ көйгөйлүү маселелерди чечүүдө кошкон салымы үчүн КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Сузак райондук билим берүү бөлүмүнүн Ардак грамоталары тапшырылган. Ал эми КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жаштарды мекенди сүйүүгө, ынтымакка үндөөдө жана жумушсуздук маселесин жоюуда көрсөткөн өзгөчөлүгү үчүн атайын диплом менен сыйлаган. Кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон үзүрлүү эмгегин баалаган КРнын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил комиссиясы Ардак грамотасын ыйгарган. Андан сырткары Сузак районунун жана Кызыл-Туу айыл аймагынын ардактуу атуулу.


кошулду
Тазабек Икрамов: "Келечекти "Өнүгүү-Прогресс" менен курабыз!"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Bors
2015-06-29 10:36:06
Тазабекти жакшы тааныйм ото созуно бекем турган чынчыл мекенди суйгон адам спортсмен Грек Рим курошу боюнча спортун чебери. Онугуу прогресс партияасынын офиси кайсыл жерде?
0
tipokan
2015-06-29 11:20:17
Bors,Мен билишимче алар КТРКнын артында,Solux деген отельге кочушкон жакында.
+1
pompowa
2015-06-29 11:15:16
Биз сиз менен сыймыктанабыз! Кызыл Сенир айылы
0
karona
2015-06-30 18:25:08
Тазабек братко
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан