26-июнь - Баңгизатка каршы күрөшүү күнүндө Бишкектин Свердлов районунда кара куурайларды жок кылуу акциясы болуп өттү. Райондук администрация менен шаардык милиция бөлүмү биргеликте уюштурган акцияда кара куурайлар чалгы менен чабылып, өрттөлүп, жок кылынды. Анда 2,5 гектар аянт кара куурайдан арылып, 2 тоннага жакын аталган өсүмдүк жок кылынды.