Сочиде 2014-жылы өткөн XXII Кышкы Олимпиада оюндарын жана XI Паралимпиада оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон салымы үчүн Орусия президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Улуттук Олимпиада комитетинин мурунку президенти, эркин күрөш боюнча спорт чебери, маркум Мурат Саралиновду сыйлады. Путин атайын медаль жана Орусия президентинин грамотасын ыйгарган, сыйлык М.Саралиновдун үй-бүлөсүнө берилет. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Мындай сыйлык аталган спорттук иш-чаралардын уюштурууга салым кошушкан бир катар мамлекеттердин өкүлдөрүнө ыйгарылганы белгилүү болду.