Социалдык камсыздандыруу жаатындагы туумдар менен айыптык төлөмдөр боюнча аргасыз карыздарды кечүү демилгеси сунушталды

Жогорку Кеңеште Социалдык фонд тармагын аргасыз карыздардан жеңилдетүүгө багытталган мыйзамдын долбоору каралып, анын концепциясы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул мыйзам кабыл алынса, жалпы социалдык камсыздандыруу карыздарынын өлчөмү кыйла азаюуга тийиш.

Демилгечи депутаттардын берген маалыматына караганда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык камсыздандыруу жаатындагы туумдар менен айыптык төлөмдөр боюнча аргасыз карыздары төлөнбөй турат. Карыз ээлеринин азыр кайда экени белгисиз болгондуктан, бул карыздарды сот аркылуу төлөтүп алуу мүмкүнчүлүгү жок.

“Ал эми юридикалык жак катары түзүлбөгөн дыйкан чарбаларынын туумдар менен айыптык төлөмдөр боюнча аргасыз карыздары 19 миллион сомдон ашты. Азыр өлкөдө 250 808 ушундай төлөм ээлери бар, алардын басымдуу бөлүгү төлөөгө жөндөмсүз. Ошондон улам негизги карызды калтырып, аларга карата туумдар менен айып төлөмдөрүн кечүү сунушу киргизилип жатат. Ушуну менен биз бул маселеге биротоло чекит коюуну чечтик”,- дейт депутат Курманбек Дыйканбаев.

Депутаттар өкмөттүн бул демилгесин колдоо менен бирге социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн тыкыр көзөмөлгө алып, аларды мындай абалга жеткирбөө, жоопкерчиликти күчөтүү сунуштарын беришти. Айрыкча көп жылдардан бери карыздарын атайлап төлөбөй жүргөн чарбалык субъектилердин жоопкерчиликтерин күчөтүү талаптары коюлду. Антпесе, ишканалар менен уюмдардын карыздарын такай кече берүү өнөкөткө айланып кала берет.

Өкмөт менен Социалдык фонддун өкүлдөрү да мыйзам долбоорун колдой тургандыгын билдиришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан