Бүгүн, 30-июнда Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматтан бошотуу маселесине каршы Ак үй алдында митинг өтөт. Аны Сооронкулованын жакындары уюштурууда. Айта кетсек, Сооронкулова буга чейин жарандардын биометрикалык маалыматтарын алуу Конституцияга каршы келерин билдирген эле. Мындан кийин парламенттин сунушу менен Соттор кеңеши аны кызматтан бошотуу чечимин кабыл алган. Ал эми 29-июнда Жогорку Кеңеште аны кызматтан бошотуу добушка коюлуп, тилекке каршы, депутат Равшан Жээнбеков менен Акылбек Султановдун ортосундагы ызы-чуудан соң добуш берүү 30-июнга жылдырылган.