24-февралдан 25-февралга караган түнү саат 00:45 чамасында Токмок шаарында, тактап айтканда, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 59-чакырымында автокырсык болуп, 4 адам каза болду. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдиргендей, Хонда СРВ жана Фольксваген Гольф унаалары сүзүшүп, каза болгондордон сырткары дагы 4 адам аймактык ооруканага жеткирилген. Бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканы айтылды.