Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын болуу коркунучун төмөндөтүү боюнча борборду түзүү тууралуу мыйзам долбоору каралды.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, аталган борборду түзүү боюнча макулдашууну Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын өкмөттөрү 2013-жылдын 17-майында Алматы шаарында бекитишкен.
"Бул мамлекеттер аралык макулдашуунун негизги максаты аймактык жана эл аралык кызматташтыкты жөнгө салуу, тараптар тарабынан макулдашылган иш-чараларды биргелешип жөнгө салуу, кырсыктардын кесепеттерин төмөндөтүү жана өзгөчө кырдаалдардын болуу коркунучун азайтуу механизмдерин натыйжалуу камсыздоо үчүн борборду түзүү болуп саналат",- деди министр.
Талкууда депутаттар бул мыйзам долбоорун колдошорун билдиришти. Жыйынтыгында документ 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.