Сооронкулованын таламын талашкан 100дөн ашуун адам Ак үйдүн алдына чогулду (фото)

Бүгүн, 30-июнда Ак үй алдында Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматтан бошотуу маселесине каршы митинг өтүүдө. Мында 100дөн ашуун адам чогулду. Көпчүлүгү Сооронкулованын жакындары. Чогулгандар колдоруна "КДСП, "Ата Мекен", "Ар-намыс", мыйзамды тебелебе!", "Конституция оюнчукпу?!" деген жазуулары бар плакаттарды кармап алышкан. Ошондой эле "Жогорку Кеңеш, Сооронкуловадан колуңду тарт!" деп бир дем менен кыйкырып жатышат. 

Айта кетсек, Сооронкулова буга чейин жарандардын биометрикалык маалыматтарын алуу Конституцияга каршы келерин билдирген эле. Мындан кийин парламенттин сунушу менен Соттор кеңеши аны кызматтан бошотуу чечимин кабыл алган. Ал эми 29-июнда Жогорку Кеңеште аны кызматтан бошотуу добушка коюлуп, тилекке каршы, депутат Равшан Жээнбеков менен Акылбек Султановдун ортосундагы ызы-чуудан соң добуш берүү 30-июнга жылдырылган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurbolot122
2015-06-30 11:43:30
Бир адамды кызматка алса деле митинг кызматтан кетсе деле митинг. Деги балээ болдунарго бир. Ой иштегилечи министрлерди ойлобой. Алар элди эч качан ойлогон эмес
0
gulmi
2015-06-30 12:57:41
Баатыр экен!Кайсыл сот азыр бийлике каршы соз айта алат?Баардыгы бийлик айткан чечимди кабыл алып берип,тымпыйып олтурушат.Мисалы;Батукаевди бошоткон соттор.Бул эже чындыкты айтыптыр,биометрикалык маалыматты туура чогулталбай,флешкасын жоготуп алып жатышат,ичинде канча адамдын оздук маалыматы бар.
+2
mikinookat
2015-06-30 14:00:14
клара эже туура айткан мен да биометрикадан отподум мен кылмышкер эмесмин да отпечатка тапшыргыдай,,,,
0
PeRa
2015-07-01 02:48:24
mikinookat, чет олкого чыгууна тоскоол болот,виза ансыз ачылбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан