Бүгүн, 1-июлда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында журналисттер төрага
Асылбек Жээнбековдун жайкы каникулда кайда барып эс аларына кызыгышты. Буга спикер:
"Мен жыл сайын жай мезгилин Ысык-Көлдө өткөрөм. Быйыл да Ысык-Көлгө барам же туулган айылыма барам",- деп жооп берди.
Айта кетсек, кечээ, 30-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы расмий жабылган. Эми депутаттар жайкы каникулдан кийин, сентябрда ишин улантышат. Андан соң октябрь же ноябрь айында парламенттик шайлоо өтөт.