"Кийинки чакырылыштагы парламентке келерине бир да партия кепилдик бере албайт". Жогорку Кеңештин төрагасы
Асылбек Жээнбеков мындай оюн бүгүн, 1-июлда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында айтты. Ал парламенттик шайлоого катышчу партиялардын лидерлери түзүмдүн курамында соттолбогон, таза адамдардын болушуна аракет кылышарын белгиледи.
"Парламенттин 5-чакырылышынын айрым депутаттарына кылмыш иштери козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жаткандыгынан мен эч нерсе айта албайм. Бирок ушундай фактылардын орун алганына жана ачыкка чыкканына кубанычта болушубуз керек, анткени бул парламенттеги тазалоо процесстеринин көрүнүшү",- деди төрага.