Орусиянын Мамлекеттик Думасы Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсү жөнүндөгү келишимди бүгүн, 1-июлда ратификациялашы мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттарына Мамлекеттик Думанын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасы
Леонид Слуцкий билдирди. Айта кетсек, бул эл аралык келишим ЕАЭБге мүчө болгон мамлекеттердин (Орусия, Беларусь, Казакстан, Армения, Кыргыз Республикасы) парламенттери тарабынан ратификациялангандан кийин толук күчүнө кирет. Ага ылайык Армения, Беларусь жана Казакстан парламенттери келишимди колдоду. Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге кошулуу боюнча ички процедураларды 22-майда аяктаган.