2-июль - Спорт журналисттеринин күнүнө карата 1000 нускадан турган “Кыргыз спортунун энциклопедиясы” жарык көрдү. Аталган жыйнак “Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, эркин күрөш боюнча СССРдин Спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Байгазы Кенжебаевдин колдоосу астында чыкты.
Спорт журналисттеринин күнүн утурлай Улуттук Олимпиада комитетинде энциклопедиянын бет ачар аземи өттү. Энциклопедияда кыргыз спортуна чоң салым кошкон машыктыруучулардын, эл аралык деңгээлдеги жарыштарда кыргыз өлкөсүнүн желегин бийик көтөргөн спортчулардын, калыстардын ийгиликтери, эмгек жолу тууралуу маалыматтар, фотоматериалдар кеңири берилген. 2011-жылкы мындан мурдагы жыйнакка салыштырмалуу бул чыгарылышы кыргыз спортунун андан берки 4 жылдагы жетишкендиктери жана ийгиликтери менен толукталган.
Партия өкүлдөрү кыргыз спорту жана спортчулары тууралуу өлкөнүн бүткүл аймагына маалымат жеткирүү максатында жыйнакты Кыргыз Республикасынын аймагына таратууну көздөп жатат. “Энциклопедиянын кайсы бир бөлүгүн балдар үйлөрүнө, алыскы аймактардагы китепканаларга акысыз таратуу пландалып жатат. Айрым райондук борборлор, айыл өкмөттөргө жеткирип бердик. Эми Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу алыскы мектептерге таратуу жагын ойлонуштуруп жатабыз”,- дейт “Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Байгазы Кенжебаев.
Анын айтымында, жаш муундар, элибиз кыргыз спортуна эбегейсиз зор салым кошкон өкүлдөр тууралуу биле жүрүүсү абдан маанилүү. Айта кетчү жагдай, аталган энциклопедияда кыргыз спортуна дайыма ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген “Кыргызстан” партиясынын бир катар мүчөлөрү тууралуу да кеңири маалыматтар бар. Мисалы, “Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев – Көк бөрү федерациясынын лидери. Улуттук спорттун бул түрүнө жыл сайын 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнөт. Ошондой эле партиянын дагы бир мүчөсү Шаршенбек Абдыкеримов Күрөш федерациясын жетектейт. Анын колдоосу менен кыргыз балбандары бир катар эл аралык таймаштарда ийгилик жаратып келишет. Быйылкы жылдын эсебинен эле кыргыз спортчуларын колдоо жана кыргыз спортунун өнүгүшүнө Шаршенбек Абдыкеримов 10 миллион сомдон ашуун каражат бөлгөн, ал эми 9 мыкты спортчуну жеке батир менен камсыз кылды.