Наталья Никитенко: “Ата-энеси бар туруп балдар үйүнө берилген балдардын саны өсүүдө”

Бишкекте бүгүн, 2-июлда “Балдар жөнүндө” кодекске үй-бүлө чөйрөсүндө баланын укугун камсыздоо боюнча мамлекеттик саясатты ылайык келтирүүдөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөр” аттуу тегерек стол өттү.

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко ата-энелери болсо дагы балдар үйлөрү менен интернаттарга барган балдардын саны көбөйгөнүн белгиледи. “Булар ата-энелери эмгек мигранттары болгон, жакындары менен алыс туугандарынын камкордугуна аргасыздан калтырылып, балдар үйлөрүнө келген социалдык жетимдер. Балдарга карата зордук-зомбулук фактыларынын саны дагы арбып барат. Андыктан интернат мекемелерин оптималдаштыруунун бирдей механизмин иштеп чыгуу зарыл”,- дейт депутат.

Иш-чарада өкмөттүн “2013-2018-жылдарга карата Кыргыз Республикасындагы интернат тибиндеги балдар мекемелерин башкарууну жана каржылоону оптималдаштыруу тууралуу” токтомунун ишке ашырылышы талкууланды. Жыйынтыгында катышуучулар тиешелүү резолюция кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан