Бишкекте медицина кызматкерлеринин майрамына карата салтанаттуу иш-чара өттү

Бүгүн, 2-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда медицина кызматкерлеринин майрамына карата иш-чара өттү. Салтанатты Улуттук госпиталдын башкы дарыгери, медицина илимдеринин кандидаты Динара Сагынбаева ачты. Аларды майрамы менен Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков куттуктап, чың ден соолук жана ийгиликтерди каалады. Депутат өзгөчө “Ден соолук кербени” долбооруна катышкан дарыгерлердин эмгегин белгилеп өттү.  

Майрамдык кеченин жүрүшүндө кызматында өзгөчөлөнгөн дарыгерлерге төш белгилер жана дипломдор тапшырылды. Салтанат кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен жыйынтыкталды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан