Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ГЭС-5те 1-июль күнү саат 21:05 чамасында Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын тургуну, 1994-жылы туулган Калыбек Кыдыков сууга чөгүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы издөө иштери жүргүзүлүп, жигиттин жансыз денеси ушул эле күнү саат 23:30да табылып, туугандарына өткөрүлүп берилгенин кабарлады.