Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын тышкы иштер министрлери телефондон сүйлөшүү жүргүзүштү

Кыргыз мамлекетинин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев бүгүн, 2-июлда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. ТИМдин билдиришинче, министрлер кыргыз-түрк мамилелеринин күн тартибинде турган маселелерди, мунун ичинде быйыл 7-июнда Түркияда өткөн парламенттик шайлоону, күзүндө кыргыз жеринде өтүүчү шайлоону талкуулашты. "Жолугушууда алдыда күтүлүп жаткан жогорку деңгээлдеги иш сапарларга басым жасалды. Анда кыргыз жарандарынын Түркияга, түркиялыктардын кыргыз өлкөсүнө кирип-чыгуу маселелери каралат",- деп билдирет министрлик. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан