Өзгөн районундагы авариялык абалда турган мектептердин курулушун эртелеп бүткөрүү тапшырмасы берилди

Өкмөт башчы Темир Сариев 2-июлда күз жана кышкы мезгилге даярдык боюнча өткөргөн жыйында Ош облусунун Өзгөн районундагы авариялык абалда турган мектептердин маселесине көңүл бурду. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттан кабарлады. Сариев Билим берүү жана илим министрлиги менен өкмөт алдындагы Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигине аталган райондогу авариялык абалдагы мектептердин курулушун эртелеп бүткөрүү тапшырмасын берди.

Муну менен катар ал электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу максатында Бишкек шаарын жана Чүй облусун жаратылыш газына өткөрүү зарылдыгына токтолду. Айтымында, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу милдетин аткарат.

“Газпром-Кыргызстан” компаниясы жаратылыш газы туруктуу жана үзүгүлтүксүз болот деп убада берген. Анын баасы өкмөт менен макулдашып аныкталган орточо тарифтик саясаттан ашпайт. Быйыл газдын баасы көтөрүлбөйт”,- деди Сариев.

Ошондой эле премьер-министр 18 кабаттуу имараттарга жаратылыш газын киргизүүгө уруксат берген токтомго кол койгонун кабарлады.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kama_future_millioner
2015-07-03 01:11:02
Бостон айылындагы мектепти да карап койгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан