Сокулукта айыл чарба продукциялары үчүн соода-логистикалык борбор курулат. 20 гектар аянтка курулуучу борбордун долбоору бир нече этап менен ишке ашырылат. Бул тууралуу 2-июлда Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Биринчи этабында салмагы 6 миң тоннага чейин мөмө-жемиштерди сактоочу жай курулуп, ушул жылдын күз айларында колдонууга берилет. Ал эми экинчи этабында 20 миң тоннага чейинки айыл чарба продукцияларын сактоого мүмкүн боло турган сактагыч 2016-жылы пайдаланууга берилсе, 2017-жылы Ысык-Көл жана Ош облустарында логистикалык борбор курулат.