Президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарымбаев 2014-жылы 1 миллион 031 318 сом маяна алган. Муну чиновник жылдык кирешеси жана мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында көрсөттү. Нарымбаевдин жакындары былтыр 680 182 сом киреше табышса, кыймылсыз мүлктөрү 49,8 жана 34,4 чарчы метр аянтты ээлеген эки батир экени маалымдалды. Декларациясына таянсак, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева былтыр 1 миллион 204 691 сом маяна алган. Автоунаасы - 1996-жылы чыгарылган Фольксваген Гольф-3. Жакындары 2014-жылы 1 миллион 006 000 сом киреше табышса, мүлктөрү булар: 180 чарчы метр аянтты ээлеген үй, 100 чарчы метр аянтты ээлеген батир.
Конституциялык палатанын төрагасы Мукамбет Касымалиев былтыр 1 миллион 591 780 сом киреше тапкан. Мунун ичинен 1 миллион 208 650 сому маяна, 341 256 сому пенсия, 41 874 сому башка кирешеси. Эки батир, 1 гараж, 1 автоунаага ээлик кылат. Жакындарына таандык 200 чарчы метр аянтты ээлеген курулушу бүтө элек имарат бар экени айтылды.