2015-жылдын 6 айында теңдештирүүчү гранттар 593 миллион 649,5 миң сомго каржыланды.
2015-жылга жергиликтүү бюджеттер үчүн республикалык бюджеттен теңдештирүүчү гранттардын жалпы көлөмү 1 миллиард 349 миллион 203,5 миң сом суммасында бекитилген. "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга божомолу жөнүндө” мыйзамына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан теңдештирүүчү гранттар биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, медикаменттер, жөлөк пулдар) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоого жумшалууга тийиш",- деп билдирет Каржы министрлиги.
Маалымат үчүн:
Теңдештирүүчү гранттар – стабилдүү социалдык-экономикалык абалды сактап туруу максатында минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону камсыздоо үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер.