Гүлгаакы Сыдыкова алыскы Ат-Башы районунда жашайт. Бала-чакасын багыш үчүн чакан тигүү ишканасын ачып, аны кеңейтип, кыргыздын нукура улуттук сайма өнөрүн улантып келет. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы Б.Төрөбаевдин Нарын облусунда болгон иш сапарында атайын жолугуп, ишкана үчүн заманбап тигүү станогун алып берүүнү суранган эле.
Кичи өндүрүштү жандандырууну колдогон партия төрагасы бул өтүнүчтү дароо чечип берди.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын иштерин гезит беттеринен окуп, сыналгы аркылуу билип, таанышып турчумун. Төрагасы Ат-Башы районуна келгенде жолугуп, суранычымды айттым эле. Өзүм 2-баскычтагы онкологиялык оору менен жабыркайм. Балдарымды, үй-бүлөмдү тигүүчүлүк менен багам.
Жамаатыбыз 6 адамдан турат. Биз айылда жөнөкөй эски машинка менен тигип, этикетка коюп сатчубуз. Иш менен сөзү дал келген партия мага окшогон карапайым аялдын сөзүн эки дебей, заманбап машинкаларды алып берип кубантып отурат. Чогуу иштегендер абдан сүйүнүшөт деп турам. Эми кыргыздын улуттук кийимдерин заманбап машинка менен тигип, иш-аракетибиз жеңилдейт. Улуттук кийимдерге сайма сая турган “Тамбр” машинасын, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын кийимин, кымбат кийимдердин этегин бүгүүчү машинка да алдык.
Партия мүчөлөрүнө, төрагасы Бакыт Эргешовичке ыраазычылыгыбыз чоң. Ушундай колдоо иштери болуп турса, сөзсүз бирге өнүгөбүз! Партиянын жардамына кубанычым чексиз!"- дейт Гүлгаакы Сыдыкова.