Чоң-Алай районунун жаштары чоң шаарда топ ойношот

“Спорт - ден соолуктун булагы” демекчи, борбордо эмгектенип жүргөн аймактын жаштары дем алыш күндөрү өздөрүнчө чогулушуп волейбол ойноп турууну салтка айландырып алышкан. Бул жолку оюнда 16 команда байге үчүн майданга чыкты. Бүйүр кызыткан байге мелдешип жаткандардын атаандаштыгын арттырат эмеспи. 
Бүгүнкү оюндун демилгечиси, Чоң-Алай районунун тургуну Бакытбек Курбанбеков бул оюнду уюштуруу менен айылдаштарынын ынтымагын бекемдөө максатын көздөп жатканын айтат. Жайдын аптабында көлөкөдө эмес, активдүү эс алууну каалагандар оюнду уюштуруп жаткандарга ыраазы. Айылдан алыскы аймактарда да биргелешип топ ойноп, ынтымак ыгына түшкөн тургундар мындай оюндар көп уюштурулса дешет. 
Чынында, волейбол элет жергесинде жаштар сүйүп ойногон оюндардын бири. “Ааламга кадам айылдан башталат” дегендей, акыркы учурларда республикалык мелдештерде алыскы аймактардан келген курама командалар биринчиликти алып жатышканы буга далил. Бул жагынан алганда Чоң-Алайдын жаштары волейбол боюнча чоң мелдештерде байгелүү орундарга ээ болуп келишет. Ошондой эле командалар арасында устат-шакирт жолу да бир нукка салынган. Жыл өткөн сайын жаштардан түзүлгөн командалардын саны арбын. "Дени сак улут - дени сак мамлекет" дегендей, өлкөнүн келечеги болгон жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу менен аларды активдүү жашоого үндөө - бул эр-азаматтардын милдети.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mars55
2015-08-11 12:46:12
эх шайлоо шайлоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан