Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда милицияга пара берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 12-июнда милицияга маалымат келип түшкөн. Анда кылмыш ишинде суралып жаткан К.Б. аттуу жаран мыйзамдуу жоопкерчиликтен качуу максатын көздөп, бир нече жолу бөлүм башчыларынын бирине пара сунуштаган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада ал 80 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Ал шаардык мэриянын муниципалдык ишканасынын башчысы болуп иштейт.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.