Абдырахман Маматалиев өлкөнү билимдүү, өз алдынча ой жүгүртө алган жаштар өзгөртүшөрүн айтты

Чүй облусунда жалпы билим берүүчү 323 мектеп бар, мунун 290у муниципалдык, 21и жеке менчик, 12си
жатак-мектеп. Бул тууралуу 1-сентябрда Кайырма айылындагы жаңы мектептин ачылышында айтылды. Маалыматка таянсак, облустагы мектеп окуучуларынын саны 148 850, мугалимдердин саны 7500. Облустагы 161 бала бакчада 1700 тарбиячы иштеп, 19 272 бала тарбияланып жатканы маалымдалды.  
Иш-чарага катышкан вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев: "Билим берүү кызматкерлеринин эмгегин баалашыбыз керек. Анткени биздин өлкөнүн келечеги мектептерде жана студенттик аудиторияларда билим алып жатышкан жаштардан, өсүп келе жаткан жаш муундан көз каранды. Билимдүү, өз алдынча ой жүгүртө алган жана жоопкерчиликтүү адистер гана өлкөнү туруктуу өнүктүрүүгө жөндөмдүү болушат",- деп билдирди.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан