Сокулукка 12 миң адам жашай турган спутник шаарчасын курууну тездетүү тапшырмасы берилди

"Бишкектин спутник шаарчасы" долбоору жакында реалдуу мүнөзгө ээ болууну баштайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Валерий Диль 2-сентябрда аталган долбоордун алкагында жеткиликтүү турак жайларды курууга арналган кеңешмеде билдирди. 
"Мурунку кеңешмеде спутник шаарчасынын курулушу боюнча мамлекеттик бардык тармактык органдарга конкреттүү тапшырмалар берилген. Жергиликтүү бийлик органдары Сокулук районунун Күн-Туу айыл өкмөтүнүн аймагынан 12 миң адам жашачу шаарчанын курулушу үчүн 30 гектар жер бөлүү маселесин дээрлик чечишти. Мындан тышкары шаарчаны куруу боюнча сынакка катышуучу потенциалдуу инвесторлор чыкты",- дейт Диль. 
Жыйындын аягында аталган долбоорду тезирээк ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдарда бир катар тапшырмалар берилгенин өкмөттүк аппараттан билдиришти.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан