Кыргыз жеринде Көчмөндөр цивилизациясы борборун куруу боюнча документ түзүлдү

Кыргыз мамлекетинде Көчмөндөр цивилизациясы борборун куруу жөнүндө документке 11-сентябрда Астана шаарында кол коюлду. Тышкы иштер министрлигине таянсак, аталган борбор Кыргыз Республикасы, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын өкмөттөрү тарабынан түзүлүп жатат жана спорттук иш-чараларды өткөрүү, ар бир элдин мурасын даңазалоо аркылуу спортту өнүктүрүүгө багытталууда. 
Борбор көчмөндөр цивилизациясын, анын дүйнөлүк цивилизацияга кошкон салымын изилдейт, көчмөндөр цивилизациясынын мурастарын даңазалоо жана өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгып, ишке ашырат, этномузей уюштурат, көчмөндөргө таандык оюндарды уюштурат жана башка иштерди жасамакчы. 
Борбор түзүү жөнүндө документке Түрк тилдүү мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кызматташтык кеңешинин жыйынынын алкагында кол коюлганы белгилүү болду. 



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан