Монголияда Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт

Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын Экономикалык маселелер, технологиялар жана айлана-чөйрө комитетинин төрайымы, депутат Роза Акназарова 15-18-сентябрь күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында өтө турган ЕККУ ПАнын күзгү сессиясына катышат. ЖКнын маалымат кызматына таянсак, сессияга ЕККУга мүчө 57 мамлекеттен 250 өкүл катышмакчы.

16-сентябрда Акназарованын жетекчилиги менен "Аймактагы экономикалык маселелер, азык-түлүк коопсуздугу, жакырчылык тобокелчиликтерин азайтуу, суу ресурстарын башкаруу: эл аралык уюмдар менен кызматташуу" деген темада Экономикалык маселелер, технологиялар жана айлана-чөйрө боюнча экинчи жалпы комитеттин жыйыны өтөрү айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан