Кыргыз жеринде 25-сентябрь - кадимкидей иш күнү. Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги бүгүн, 21-сентябрда билдиргендей, 24-сентябрь - өлкөдө Курман айт майрамы белгиленгендиктен, иш күнү эмес. "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, 24-сентябрь майрам күнүнө туш келгендиктен, дем алыш. Ал эми 25-сентябрь - жумуш күнү",- деп билдирди министрлик.
Белгилей кетсек, Курман айт күнү жылдагыдай Бишкекте жана облус борборлорунда массалык мүнөздө Айт намазы окулат.