Орусия менен Казакстанда 4-октябрь күнү кошумча дагы 8 шайлоо пункту ачылат

Бишкекте бүгүн, 21-сентябрда парламенттик шайлоого карата чет мамлекеттеги участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана консулдуктардын жооптуу кызматкерлерин окутуу башталды. ТИМдин билдиришинче, 26-сентябрга чейин аларга шайлоо процессинин жол-жобосу дыкат үйрөтүлүп, шайлоого керектүү жабдуулар берилет.
БШКнын чечими менен өлкөнүн сыртында 36 шайлоо пункту ачылганын, Орусия менен Казакстандагы жарандардын көптүгүнө байланыштуу шайлоо күнү дагы 8 шайлоо пункту ачылары айтылды. Алар Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Астана жана Алматы шаарында ачылмакчы. ТИМ сырттагы жарандар мөөнөтүнөн мурда добуш бере алышпай турганын эскертти. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан