Президент Ысык-Көл облусуна эки күндүк иш сапары менен барат
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусуна эки күндүк иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Президент 22-23-сентябрь күндөрү облуста болуп, Каракол, Балыкчы шаарларынын жана райондордун активдери менен жолугушууларды өткөрмөкчү.