Бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева 2012-2015-жылдар аралыгында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Ал Жогорку Соттун төрагасы жана төраганын орун басарлары, мыйзам боюнча, үч жылдык мөөнөткө дайындалышарын айтты.
"Жогорку Соттун төрагасы менен анын орун басарлары 2012-жылы шайланышкан. Быйыл 3 жылдык мөөнөт бүтөт. Жакын арада төраганы жана төраганын орун басарын шайлоо өтөт",- деди Жамашева.
Анын айтымында, сотко кайрылган жарандардын саны жылдан-жылга өсүп жатат. "Өлкө боюнча сотко 2012-жылы 168 937 арыз түшкөн. Анын 150 780и каралып, чечим чыгарылган. Ал эми 2013-жылы 174 335 арыздын 153 658и каралса, 2014-жылы 182 422 жарандын арызынан 165 567си боюнча чечим чыккан. Бардык иштерге укуктук негизде, адилеттүү чечим чыгарууга аракеттер көрүлүүдө. Жогорку Сотко бүт соттук иштердин 10 пайызы гана жетет",- деди Феруза Жамашева.