Быйылкы жылдын январь-июль айларында Орусия менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү 878 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Бишкекте "Евразиялык экономикалык союз. Региондор аралык кызматташуунун келечеги" аттуу Кыргыз-орус аймактар аралык конференциясында белгилүү болду. Маалыматка ылайык, 2014-жылы мамлекетибиздин чет өлкөлөр менен болгон товар жүгүртүүсүнүн 25,9 пайызы Орусия менен болгон. Ал эми быйыл январь-июль айларында жалпы товар жүгүртүү 27,7 пайызды түзөт.
2015-жылдын биринчи жарымында Орусиядан Кыргыз Республикасына түз инвестициянын жалпы көлөмү 76 миллион долларга жакын болгону айтылды.