Өлкөдө өндүрүштө колдонулуучу силикон чыгаруучу завод курулат

Кыргыз мамлекетине өндүрүштө колдонулуучу силикон чыгаруучу заманбап завод курулат. Бул боюнча вице-премьер-министр Валерий Диль 23-сентябрда чет элдик компаниялардын биринин өкүлү Вальдемар Лихтенберг менен жолугушууда макулдашканын өкмөттүк аппараттан билдиришти. 
"Биз республиканын өндүрүш потенциалын өнүктүрүүгө жана заманбап технологиялар колдонулган жаңы өндүрүштү түзүүгө кызыкдарбыз. Өлкө аймагына өндүрүштө колдонулган силикон өндүрүүчү завод куруу боюнча "Schmid Silicon Technology GmbH" компаниясынын сунушу биздин кызыкчылыкка төп келет. Жакында завод курулуучу жерди аныктайбыз",- деди Диль.
Компания өкүлү завод акыркы илимий жана технологиялык жетишкендиктерди колдонуу менен куруларын айтты. "Силикон курулушта, автоунаа курууда, медицинада, косметологияда колдонулууда. Рынок силикон өндүрүшүнө талапты күчөткөнүн эске алганда, заводдун курулушу эки тарапка тең пайдалуу болоруна ишенем",- деди Лихтенберг.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан