I жарым жылдыкта Кыргыз Республикасы менен Кытайдын ортосундагы товар айландыруунун көлөмү 500 миллион доллардан ашты

2015-жылдын I жарым жылдыгында Кыргыз Республикасы менен Кытайдын ортосундагы товар айландыруунун көлөмү 509,7 миллион долларды түздү. Мындай маалымат бүгүн, 25-сентябрда кыргыз-кытай бизнес-форумунда белгилүү болду. 
Белгилүү болгондой, бул көрсөткүч 2014-жылдын ушул мезгилинен 19 пайызга аз, анын ичинде экспорт - 15 миллион доллар, импорт - 494,7 миллион долларга аз.
Кытайга болгон экспорттун негизин мурунку жылдагыдай эле чийки зат ресурстары түзөт: тери, кендер жана баалуу металлдардын концентраттары, кара жана түстүү металлдардын калдыктары.
Кытайдан келген импорттун негизи: өнөр жай жабдуулары, электр машиналары жана аппараттары, унаа каражаттары жана анын тетиктери, кийим жана анын шаймандары, бут кийимдер, кездемелер, даяр текстиль буюмдары, кара металлдар жана андан жасалган буюмдар, баалуу эмес металл буюмдар, органикалык жана органикалык эмес химиялык заттар, желим жана андан жасалган буюмдар, мөмө-жемиштер жана башкалар. 
Айта кетсек, Кытай Эл Республикасы - Кыргыз Республикасынын негизги соода өнөктөшүнүн бири. Ал Орусиядан кийинки экинчи орунда турат. Кыргыз жергесинин жалпы товар айландыруу көлөмүндөгү Кытайдын үлүшү 2013-жылы 18,4 пайыз, 2014-жылы 16,2 пайыз түздү. Анын ичинде экспорт -1,9 пайыз, импорт - 23,9 пайыз.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан