Бишкекте 26-сентябрда «ТазаБИШ» жана «FSC-жума» эко-акцияларынын алкагында ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, акция коомчулуктун көңүлүн экологиялык маселелерге буруу максатын көздөгөн. Ишембилик Токтоналиев көчөсү менен Түштүк магистралдын кесилишинде өткөрүлүп, жолду бойлой көчөттөр отургузулду. Иш-чарага 500гө жакын адам катышты, алардын арасында экс-президент Роза Отунбаева, студенттер, коомдук экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, «Жашылдандыруу» жана «Тазалык» муниципалдык ишканалары болушту.