Ош шаарындагы курулуп жаткан эстакадалык көпүрөнүн курулуш иштери октябрь айында бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев өкмөт башчы Темир Сариев менен биргеликте көпүрөнүн курулушу менен таанышып жатканда айтканын 28-сентябрда мэриядан билдиришти.
Кадырбаев мындан ары ири курулуш долбоорлорун Кыргыз Республикасынын жарандары курууга болорун далилдеп жатышканын айтты.
“Азыркы учурда көпүрөнүн плиталары коюлуп бүтүп,
анын үстүнөн изоляциялык иштер жүрүүдө. Бул жерге
Орусиядан атайын алынып келинген акыркы технологиялык
жабдуулар менен бирге эле Ош шаарында чыгарылган курулуш
тетиктери пайдаланылып жатат. Куруучулар да Кыргыз Республикасынын жарандары болгондуктан, мындан ары ири курулуш долбоорлорун
өзүбүз курууга болорун далилдешүүдө.
Көпүрөнүн
курулушуна кеткен акча каражатына анын айланасындагы
жолдор да кошо оңдоодон өткөрүлүп, тендерден ашкан акча
каражатына шаарга дагы бир көпүрө салынмакчы",- деди
А.Кадырбаев.
Учурда көпүрө курулушунун 2-этабы
аяктоо алдында турганы жана 3-этабынын курулушу
жүрүп, жалпы көпүрөнүн курулушу 90 пайызга бүткөрүлүп калганы айтылды. 120дан ашуун куруучулар 2 кезек менен иштеп, 15 техника иш алып барууда.
Ошондой эле курулуштун долбоорунан сырткары Мажүрүм-Тал
көчөсү, Навои көчөсүнүн эки тарабы толугу менен
асфальтталып, кошумча Өзгөн көчөсү ачылмакчы.