Август айынын аягында жана сентябрь айынын ичинде шайлоочулардын тизмеси 250 миң жаранга толукталды. Муну биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2-октябрда журналисттер менен жолугушууда билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө шайлоочулардын так саны 2 761 297ни түздү.
“15 185 кыргыз жараны шайлоо күнү чет өлкөдөн добуш берет. Муну менен катар жарандардын 3-5 пайызы өздөрүн шайлоо участкаларынан таппай жатышат. Алардын 90-95 пайызы өз атын жанаша жайгашкан участкалардан табышууда.
Бардыгы болуп 2374 шайлоо участкасы бар. Кечээ бардык региондорго ар бир шайлоо участкаларына биометрикалык жабдыктар, идентификация кылганга электрондук тизме жеткирилди. Эртең саат 08:00дө ден соолугуна байланыштуу үйүндө жаткан жарандардын добуштары жер-жерлерде чогултула баштайт”,- деди Сарпашев.