Жогорку Сот дагы Камчыбек Ташиевди тизмеден чыгарууну мыйзамдуу деп тапты

Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Сот "Республика - Ата Журт" партиясынын тең төрагасы Камчыбек Ташиевди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу деп тапты.
Айта кетсек, К.Ташиев 26-сентябрда пикир келишпестиктин айынан "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын өкүлүн сабап салганы жарыяланган. Факт боюнча кылмыш иши ачылып, териштирүү жүрүп жатканы айтылган эле. 28-сентябрда БШК Камчыбек Ташиевди талапкерлердин тизмесинен чыгарып салган30-сентябрда Биринчи Май райондук соту Ташиевди тизмеден чыгарууну мыйзамдуу деп тапкан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан