ШАЙЛОО-2015: Жалал-Абад облусундагы шайлоо участкалары жабылды

20:08. Кара-Көлдөгү шайлоо участкалары эшигин саат 20:00дө жапты.
19:35. Ноокен районунун Сакалды айылындагы №2185-шайлоо участкасында добуш берүүчүлөрдүн агымы токтой элек.
18:41. Жалал-Абад шаарында шайлоого келгендердин саны азайды. Көпчүлүгү добуш берүүгө келип, биометрикалык маалыматын тапшырса да, тизмеден чыкпай калганына нааразы болушту.
17:04. Токтогулдагы Кыргызстан шайлоо тилкесине элдин келиши аз болууда. Катталган 1400 адамдын 648и добуш берүүгө келди.
17:12. Токтогул шаарындагы №2235-шайлоо тилкесинде шайлоочулардын келиши аз болууда. Кээ бир шайлоочулардын аты-жөнү өзүнүн участкасынан чыкпай, башка участкалардан чыгып калып жатат. 
15:38. Базар-Коргон районундагы №2144-шайлоо участкасына добуш берүүгө келгендердин көбү өзүн тизмеден таппай жатат. Айрымдардын аты-жөнү башка айылдан чыкканы айтылды. Шайлоочулар добуш берүүгө катыша албаганы үчүн нааразы болуп, үйлөрүнө кетип жатышат.
14:16. Ноокен районунда шайлоо өтүп жатат. Шайлоочулардын саны аз болууда.
14:07. Жалал-Абад шаарындагы №2092-шайлоо участкасында шайлоо процесси тынч өтүүдө. 
11:49. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Чаткал районунун 14 пайызы добуш бергенин айтты.
11:25. Токтогулдагы №2236-шайлоо тилкесинде шайлоо процесси өтүүдө. Шайлоочулар добуш берүүгө келип жатышат. Шайлоо техникасын иштетүүдө катачылыктар же мыйзам бузуулар орун алган жок.
11:23. Токтогул шаарында шайлоо процесси тынч өтүүдө. Добуш берүүчүлөрдүн саны аз эмес.
09:46. Таш-Көмүр шаарында кичи маршруттук автобустар шайлоочуларды акысыз ташып жатышат.
08:36. Токтогул шаарындагы №2238-шайлоо участкасында жаңы технология иштебей калды. 
Бүгүн саат 08:00дө Жалал-Абад облусундагы бардык шайлоо участкалары эшигин ачты, азыркы тапта шайлоо процесси кызуу жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан