Ош шаарынын №12-аймактык кеңеши жана “Курманжан датка-2” аймагына таза суу берүүчү түтүк жана суу соргуч станциясы курулуп бүттү. Бул тууралуу 12-октябрда Ош шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы маалымдады.
Суу соргуч станциясынын ачылышына Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык мекемелердин кызматкерлери, коммуналдык кызматкерлер жана жергиликтүү тургундар катышты. Станциянын ишке берилиши менен 5 миңден ашык жашоочу таза суу менен камсыз болору айтылды.
Кадырбаев №1-кварталдык комитети, №12-аймактык кеңеши жана “Курманжан датка-2” аймагы СССР убагынан бери суу түтүктөрүнө кошулбай келгенин айтты. "Эми жашоочулардын үйүнө суткасына 24 саат таза суу берилет. Курулуш иштерине кеткен жалпы чыгымдын суммасы 4,18 миллион сомду түздү",- деди шаар башчысы.